Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сыпайы, сылык, орой эмес, кичи пейил, элпек. Жакшы болсоң жатык бол, улук болсоң кичик бол (макал). Абдан жатык. Сыпайы, маданияттуу да мамиле кылат (Убукеев). 2. Көркөм, куюлушкан, кулакка угумдуу. Карынын тили жатык, укканга сөзү түгөнбөйт (Баялинов). Үнү бийик, тили жатык (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир ишке, бир нерсеге машыгуу, көнүгүү, маш болуп, үйрөнүп кетүү. Түрдүү сөзгө тили жатыккан кыз-келиндер. || Көнүмүшкө айлануу, үйрөнүшүп, үйүр алып калуу. Улак балдардын көзүнө да жатыгып, өгөйлөөдөн оолактады (Бейшеналиев).